Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; 

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8; 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5; 

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9; 

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус суук болот. 

19-февралда Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 4…6° жылуу болот.

 

XS
SM
MD
LG