Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Европа ИМ тобунун жоочуларын кайтаруу боюнча сүйлөшүп жатат


Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, 31-январь, 2019-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, 31-январь, 2019-жыл.

АКШ президентинин “Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары тууралуу өтүнүчүн аткаруу кыйын болот. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас дүйшөмбүдө билдирди. Дональд Трамп жекшембиде Лондонго, Парижге жана Берлинге кайрылып, Сириядагы америкалык аскерлердин колундагы 800дөй “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерин алып кетип, сотко өткөрүп берүүгө чакырган.

Маас ARD телеканалы менен болгон маегинде, эгер алардын арасында немис жарандары болсо өз мекенине "кайтууга укугу бардыгын" билдирди. Бирок азырынча туткундагы жоочулар кайсы мамлекеттин атуулдары экенин текшерүү мүмкүнчүлүгү жок. Министр бул суроо боюнча ушул тапта Франция жана Британия менен бирге ишти координациялап жатканын кошумчалады.

Трамптын билдирүүсүнө караганда, америкалык күчтөр туткундагы жоочуларды бошотсо, алар Европага жөнөшү мүмкүн. Мурдараак "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына Евробиримдиктин курамындагы бир катар өлкөлөрдүн жарандары кошулуп кеткени тууралуу маалымат чыккан. Атайын кызматтар алардын көбү террордук топ Ирак менен Сирияда өз күчүн жогото баштаганда Европага кайтып келишкен деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG