Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

КТРКнын башкы директорлугуна 22 талапкердин үчөө сынактан четтетилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

КТРКнын Байкоочу кеңеши бүгүн башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карады. Жалпысынан 22 адам документин тапшырганы белгилүү болду.

Алардын үчөө (Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова) документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылды.

10 талапкер "диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин" деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилди.

Ал эми документинин баары толук талапкерлер төмөнкүлөр экени маалым болду:

  1. Илим Карыпбеков
  2. Дүйшөк Мамбетөмүров
  3. Алим Токторов
  4. Ибраим Нуракун уулу
  5. Адил Турдукулов
  6. Жайнак Үсөн уулу
  7. Мирлан Самыйкожо
  8. Мирбек Мурзабеков
  9. Малика Курманова

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

Шайлоо 14-мартка белгиленди. (AlS)

XS
SM
MD
LG