19-февраль күнү саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин Бишкек шаарынын түштүк тарабында ысык жана муздак суу токтотулат. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Бул “Бишкек суу канал” ишканасынын түтүк системасындагы оңдоо иштерине байланыштуу жүрөт. Түтүктөр суу сактоочу жаңы 35 кампанын курулуп бүткөнүнө байланыштуу оңдолуп жатат.
Ичүүчү суу №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондорунда, Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр массивдеринде, “Совмин” шаарчасында, Орто-Сай, Чоң-Арык жана Төмөнкү-Орок айылдарында токтойт.
Мындан сырткары, “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын жылуулук берүүчү бир катар отказандары, “Ак-Кеме” жана башка бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн автономдук отказандары да суусуз калат. Натыйжада бир нече көчөдөгү үйлөрдө жана айрым социалдык мекемелерде жылуулук берүү күнү кечке жок болот.
Мэрия калкты жана мекемелерди сууну жетиштүү камсыздап алууну өтүнөт.
Жылуу жана муздак суунун өчүрүлүшү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “Бишкек суу каналдын” 0312560320, “Бишкек жылуулук энергонун” 0312212906 диспетчердик номерлерине байланышка чыкса болот. (ErN)