2019-жылдын январь айында президент Сооронбай Жээнбековго сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 414 арыз келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.
Анда айтылгандай, 359 арыз көзөмөлгө алынып, 134ү аткарылды. Дагы 225 жарандын кайрылуусу мөөнөтүнө жараша каралып жатат. Алардын мазмуну айтылган эмес.
Жылдын биринчи айында президенттин аппаратына жалпы 1284 жарандан кайрылуу келип түшкөн.
Былтыр 2018-жылы жазуу жүзүндө, коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору” аркылуу 17 миң 827 жарандан кайрылуу түшкөн. Анын 45% (6487) сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үстүнөн арыздангандар. (ErN)