Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Жалал-Абадда кармалган өзбекстандык беш аял эки айга камалды


Кармалган беш өзбекстандык аял сурак берип жатат.
Кармалган беш өзбекстандык аял сурак берип жатат.

Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары кармалган өзбекстандык беш аял тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу аймактык милиция башкармалыгы билдирди.

30-56 жаштардагы аялдар 16-февралда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Маданият» чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалган. Алар «Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган» деп шек саналып, издөөгө алынганы аныкталган.

Өзбекстандык аялдардын жанынан дүкөндөн уурдалганы кеп болгон зер буюмдар табылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, буюмдардын наркы 350 миң сомго бааланууда.

Сурак учурунда аялдардын бири күнөөнү мойнуна алып, кылмышты ал өзү кылганын шериктеринин тиешеси жоктугун айткан. Тергөө амалдары уланууда. (ErN\RsK)

XS
SM
MD
LG