Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Орусиялык экспортерлор 6 млрд. долларды жоготту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын экспортерлору Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион долларды жоготту.

Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин баяндамасына таянып жазды. Бул көрсөткүчтөр 2018-жылдын аягына келтирилген эсеп.

Докладда белгиленгендей, Европа Биримдиги (ЕБ) Орусиянын 25 товарына чектөө койгон. Андан кийин Украина 22, Индия 16, ал эми АКШ орусиялык экспортерлордун тогуз товарына чектөө койгону кабарланды.

Санкция чыгымынын 1,1 миллиарды АКШга, андан кийинки көлөмү Евробиримдиктин чектөөлөрүнө туура келет.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы 62 өлкө 159 орусиялык товарга чектөө киргизген. (ErN)

XS
SM
MD
LG