Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү башталды. Бул тууралуу маалымат Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен алынды.
Иш-чара ушул эле музейдин имаратында болот. Анда Евразия калемгерлер гилдиясынын Британиядагы, Казакстандагы, Орусиядагы жана Кыргызстандагы мүчөлөрү, сүрөтчүлөр, айкелчилер жана башка өнөр адамдары чыгармаларын тартуулайт.
Көргөзмөнүн расмий ачылышы бүгүн 19-февралда 14:00дө өтөт. Ал 5-мартка чейин уланат.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси былтыр жыл бою Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде белгиленди. Анын алкагындагы иш-чаралар быйыл да уланууда.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” ж.б. мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.
Залкар жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. (ErN)