Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Адвокат: Асылбек Жээнбековду ЖЭБ боюнча сотко чакыртам


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сотко сурак берүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду чакыруу тууралуу өтүнүчүн келтирерин "Азаттыкка" кабарлады:

- Келишимди ратификациялаган, мыйзамды кабыл алган парламент. "Ратификация туура эмес болгон" дешсе - анда депутаттарды суракка алыш керек. Асылбек Жээнбековду суракка алыш керек. Мен кандай болбосун, аларды сотко чакырам. "Депутаттарды жоопко тартыш керек" деп бул маселе боюнча прокуратурага расмий түрдө кайрылгам.

18-февралда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу башталды. Жыйын жабык өтүп, жактоочулардан башка эч ким сот залына киргизилген жок. Кийинки соттук отурум 20-февралда өтөт.

Бул маселе жакында парламентте каралганда экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп берип, депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айткан. Жээнбеков бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарып бергенин белгилеп, элдин да, парламенттин да ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актаган жок деген бүтүм чыгарган. (KR)

XS
SM
MD
LG