Бишкекте өткөн парламенттик формат боюнча эл аралык дебаттык турнирдин финалдык беттешинде Казакстандын командасы менен кыргызстандык команда беттешет. Финалдык оюн 20-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринде өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири Айнагүл Абдрахманова кабарлады.
17-февралдан башталган "Reunion Cup" аттуу эл аралык турнир 18 жаштан 40 жашка чейинки 48 спикерлердин башын бириктирип, алар гендердин теңчилик, технологиялык өнүгүү жана медицина тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Кыргызстанда дебат кыймылы 1996-жылы негизделген. Азыркы учурда Бишкекте жыл сайын "Манас Кубогу", "Борбор Азия Кубогу" сыяктуу бир нече эл аралык турнирлер өткөрүлүп, ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын командалары катышып келет. (KR)