Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Трамп Венесуэланын армиясын гумжардамды киргизүүгө чакырды


АКШ президенти Дональд Трамп Майамидеги Флорида университетинде. 18-февраль, 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Майамидеги Флорида университетинде. 18-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын аскерлерине эскертүү берди. 18-февралда Трамп Майамиде сүйлөгөн сөзүндө эгер аскерлер президент Николас Мадурону колдой берсе, “баарын жоготуп алышы мүмкүн экенин” айтты.

АКШнын лидери Венесуэла армиясын 200 тоннадай жардам алып бараткан жүк ташуучу унааларды өлкөгө киргизүүгө чакырды. Учурда автокербен Колумбия менен Венесуэланын чек арасында токтоп турат. Президент Мадуро АКШ гуманитардык жардамды "утурумдук президент" Хуан Гуайдонун суранычы менен жөнөткөнүн сындап, аны өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Ушул эле күнү Мадуро телекайрылуусунда Орусия, Кытай, Түркия жана башка мамлекеттерден бир-эки күндүн ичинде 300 тоннадай гуманитардык жардам келерин билдирди. Экономикалык кризиске баткан Венесуэлада кош бийлик уланууда.

Оппозиция лидери Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG