Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (Главное разведывательное управление - ГРУ) мурдагы полковниги, сегиз жылдык жазасын өтөгөн Владимир Квачков Мордовиядагы түрмөдөн 19-февралда чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Андрей Виканов билдирип, жакын арада Квачков басма сөз жыйынын өткөрөрүн кошумчалады.
7-февралда Мордовиянын соту мурдагы полковниктин жазасын жеңилдеткен чечим чыгарган.
2010-жылы Квачков «куралдуу козголоң даярдаган» деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы түрмөдөн жасаган видео кайрылуусунда «жек көрүүнү жана кастыкты козуткан» деген айып коюлуп, абак мөөнөтү бир жарым жылга узарган.
Владимир Квачков 70 жашта. Ал Башкы чалгын башкармалыгынын атайын багыттагы бөлүгүндө кызмат өтөгөн, ооган согушуна катышкан. 2005-жылы "Роснано" компаниясынын жетекчиси Анатолий Чубайска кол салууну уюштурган деп айыпталган. Сот арачылар Квачковду акташкан.
Бирок анын эртеси күнү “куралдуу козголоң” даярдаган деп айыпталган. Москва шаардык соту ал жетектеген “Минин менен Пожарскийдин элдик кошууну” деген уюмду экстремисттик деп тапкан.
Квачков орус бийлигин жана Владимир Путиндин саясатын ачык сындагандардын бири.