Кыргызстанда быйыл ажыга барчулардын кийиминин үлгүсүнө сынак жыйынтыкталды. Муфтияттын маалыматына караганда, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб өткөргөн сынакка 13 талапкер катышты.
Кийимдин баасы, кездеменин курамы жана сапаты, дизайны, түсү, коопсуздук белгилери, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга канчалык туура келерине көңүл бурулду.
Жыйынтыгында жеке ишкер Айкөл Аликжанова тиккен үлгүлөр татыктуу деген тыянак чыгып, ага ажылыктын формасын тигүү милдети жүктөлдү.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна ар бир форманын наркы 21 доллар, кыргыз сому менен эсептегенде 1,5 миң сомдун тегерегинде болорун айтты.
Ажылык сапар жыл сайын Курман айт учурунда уюштурулат. (RK)