Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

Бишкектин түштүк тарабындагы кичирайондорго суу кайра берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин мэриясы кабарлагандай, суу өткөрүүчү жаңы түтүктөрдү орнотуу иштери дээрлик аяктады.

Муздак суу мэрия убада бергендей түнкү саат 24:00дө эмес, таңга жуук үйлөргө келе баштады. Жылуу суу айрым үйлөргө жете элек.

35 жаңы скважинаны пайдаланууга бериш үчүн түтүктөрдү туташтыруу максатында кечээ, 19-февралда Бишкектин 20дай кичирайонунда, 10 чакты массивде жана 10 чакты айылда суу берүү токтогон. Буга байланыштуу кырктан ашуун мектеп, бала бакча жана бейтапкана иштеген эмес.

Суу жетпей жаткан үйлөр болсо “Бишкек суу каналдын” 0312560320, “Бишкек жылуулук энергонун” 0312212906 диспетчердик номерлерине чалса болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG