Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Парижде антисемитизмге каршы митингге эки түмөн эл чыкты


Париждеги антисемитизмге каршы акция, 20-февраль.

Париждеги антисемитизмге каршы акцияга 20 миңдей адам чыкты. Бул тууралуу франциялык басылмалар өлкөнүн Социалисттик партиясына таянуу менен жазды.

Акция өткөрүү демилгесин бир катар партиялар, анын ичинде социалисттер, республикачылар жана президенттик “Алга, республика!” партиясы көтөргөн.

Митингдин катышуучулары “Антисемитизм жана жек көрүү жок болсун!” жана “Зомбулук токтосун!” деген плакаттарды кармап турушту.

Париждин Республика аянтындагы митингге Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп, шаардын мэри Анн Идальго, өкмөтүн расмий өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын жетекчилери катышты. Акцияда мурдагы президент Николя Саркози да билдирүү жасап, зомбулукту айыптады.

Антисемитизмге каршы акциялар Франциянын Страсбург, Тулуз, Ницце жана башка шаарларында да өттү.

Франциянын ИИМи кабарлагандай, өткөн жылы өлкөнүн аймагында антисемиттик актылар 70% арбыган. (ErN)

XS
SM
MD
LG