Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Кыргызстан Казакстандын гидропостторго эсептегич коюу жөнүндө талабын аткарбайт


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев.

Кыргызстан Казакстандын гидропостторго эсептегич коюу тууралуу жөнүндө аткарбайт. Бул туурасында Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Бизге суу чарбасына "ар бир гидропостко атайын автоматташтырылган эсептегич орноткула" деп өзүнүн талабын койду. Биз аны аткарбайбыз. Себеби биз өзүбүзчө өкмөтпүз. "Суунун канча кетип жатканы тууралуу маалыматты бизге берип тургула" дейт. Эми ал Кыргызстандын өзүнүн купуя иши да.

Министр Мурашев азыркы учурда Казакстан менен ОЧК-2 (Обходной Чуйский канал - ред.) каналын куруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Суу кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат. (KR)

XS
SM
MD
LG