Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Сууну пайдалануудан былтыр бюджетке 61 миллион сом түштү (видео)


Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев
Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев

Сугат сууну пайдалануудан 2018-жылы 61 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Алмаз Азимов Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- 2018-жылы Кыргызстандын бюджетине ички суу пайдалануудан 61,1 миллион сом түшкөн.

Руслан Казакбаев бир жылда бир миллион долларга жетпеген акча түшкөнүн айтып, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды.

Депутат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарты боюнча Кыргызстан суунун тазалыгы жагынан дүйнөдө жана КМШда канчанчы орунда турарын сурап, бирок жооп ала алган жок. Министр бул маалыматты депутатка жазуу түрүндө берерин убада кылды.

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште "Суу кодексине жана суу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда. (KR)

XS
SM
MD
LG