Жалал-Абад шаарында кишенделген абалда жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Назира Жакыпова билдирди.
Адистин айтымында, окуя шейшемби күнү болгон. Колу кишенделген 16 жаштагы окуучу кыз жардам сурап үйдөн көчөгө качып чыккан.
Милиция териштиргенде ал 9-класстын окуучусу экени, ата-энеси ажырашып жаткандыктан атасына барышына тыюу салган апасы кыздын колун тушап, үйдөгү жылуулук батареясына байлап койгону аныкталган.
Кызга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүлдү. Окуянын чоо-жайын ички иштер органдары иликтеп жатышат. (RsK)