Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Кыргызстандык балет бийчиси Фарух Садыркулов эл аралык сынактан утту


Фарух Садыркулов "Дон Кихот" балетинин репетициясында. А. Ваганова атындагы орус балет академиясы, 2011-жыл.
Фарух Садыркулов "Дон Кихот" балетинин репетициясында. А. Ваганова атындагы орус балет академиясы, 2011-жыл.

Кыргызстандык балет бийчиси Фарух Садыркулов Москвада өткөн DANCEMOSCOW эл аралык сынагында биринчи орунга татыды.

17-февралда жыйынтыкталган сынакка классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореографиялык багытта бийлеген жаш артисттер катышты.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын маалыматына караганда, бул маданий мекеменин алдыңкы солисти Фарух Садыркулов Кыргызстандын хореографиясынын тарыхында аталган эл аралык сынакта биринчи орунду ээлеген алгачкы бийчи болуп калды.

Садыркулов дүйнөдөгү эң эски бий мектептеринин бири - Агриппина Ваганова атындагы орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү. Ал бир нече эл аралык конкурстун лауреаты. (ZA)

XS
SM
MD
LG