Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Кыргыз делегациясы Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Ташкентте талкуулайт


Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. 2017-жыл.

Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча жумушчу топ жакында Ташкентке барат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- Камбар-Ата-1 боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Жакын арада ошол топтун Өзбекстанга барышы күтүлүп жатат. Ал 2018-жылдын аягында түзүлгөн. Бул тууралуу алдын-ала телефон аркылуу байланышуу болду. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган. Жакында жумушчу топ ушул маселе боюнча Ташкентке барат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Өзбекстан Кыргызстан менен кошо ГЭС курууга даяр экенин айтканын эске салып, буга кыргыз тараптын реакциясына кызыккан.

​2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анда Камбар-Ата ГЭСин чогуу салуу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого аларын жарыялаган. (KR)

XS
SM
MD
LG