Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Оштун мэри “Алай” футбол командасына 100 миң сом тапшырды


"Дордой" жана "Алай" командаларынын оюндарынын бири. 4-март, 2017-жыл.
"Дордой" жана "Алай" командаларынын оюндарынын бири. 4-март, 2017-жыл.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана “Алай” футболдук клубунун курамы менен жолугушту.

Жыйында “Алай” командасын 2018-жылы өлкөнүн вице-чемпиондук наамына ээ болгондугу үчүн сыйлоо аземи болду. Анда Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов команданын жалпы курамына вице-чемпиондук медалдарды жана 280 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Ал эми Ош шаарынын мэри “Алай” клубунун вице-президенти Сеитбек Аматовго, командага 100 миң сом акча каражатын берди. Ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов “Алай” командасына Түркия мамлекетинин Анталия шаарына окуу практикасына барып келүү үчүн жолдомо тартуулады.

Мындан сырткары,“Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожого топ-лигада 26 гол киргизгендиги үчүн “Мыкты бомбордир” наамы ыйгарылды.

“Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016-2017-жылдары катары менен өлкөбүздүн чемпиону аталган.

Бүгүн "Алай" командасы Түркмөнстандын "Ахал" командасы менен Ошто беттешет. (MdN)

XS
SM
MD
LG