Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Таластын мэри кызматтан кетпей калды


Айдар Жузупбеков.
Айдар Жузупбеков.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн кезексиз сессияга чогулуп, мэрди иштен алуу боюнча маселени карашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин депутаттары билдиришти.

Маалым болгондой, жыйынга жалпысынан 28 депутат катышкан. Анын 18и калаа башчы Айдар Жузупбековду кызматтан алууга макул экендигин билдирсе, тогузу каршы болгон. Дагы бир депутаттын добушу жараксыз деп табылды. Добуш берүү жабык өттү. Натыйжада депутаттардын мэрди кызматтан алуу аракети ишке ашкан жок. Мэрге ишеним көрсөтпөш үчүн тиешелүү чечимге 21 депутат макул болушу керек.

Айдар Жузупбеков Талас шаардык мэриясын 2017-жылдын мартынан бери башкарып келатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG