Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте март айында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтөт


Бишкекте 2016-жылы өткөн хоккей боюнча мелдеш.
Бишкекте 2016-жылы өткөн хоккей боюнча мелдеш.

Бишкекте жазында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Орусиядан, АКШдан, Словениядан, Польшадан жана башка өлкөлөрдөн спортчулар чакырылган. Бирок азырынча алар так жообун бере элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Мейрхан Аманбеков кабарлады.

Мэрдин кубогу ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Буга чейинки мелдешке былтыр Орусия менен Казакстандан оюнчулар келишкен. Анда Кыргызстандык хоккейчилер экинчи орун алып, биринчи орунду казакстандык оюнчулар алып кетишкен.

Хоккей боюнча мелдеш өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, 2008-2010-жылдары туулган балдар катыша алат. Ага 2017-жылы АКШнын Чикаго шаарында эл аралык мелдеште биринчи орун алган команда катышат. (KR)

XS
SM
MD
LG