Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Салык декларациясын 49 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

20-февралга карата 49 823 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Анын ичинде 9 169 юридикалык жак, 25 732 жеке ишкер, 4 387 жеке жаран, 5 860 салык салынуучу кирешеси жок жеке жарандар жана 4 675 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар.

Мыйзамга ылайык юридикалык жактар 1-мартка чейин, ал эми жеке жарандар 1-апрелге чейин былтыр тапкан кирешелери же ээлик кылган жер тилкелери менен мүлкү, экономикалык ишмердиги тууралуу салык органдарына отчет берүүгө милдеттүү. (KR)

XS
SM
MD
LG