Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Путиндин Федералдык Кеңештеги кайрылуусу башталды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путиндин Федералдык Кеңештеги жылдык кайрылуусу угулуп жатат.

Путиндин кайрылуусу ага карата элдин ишеними төмөндөп кеткени тууралуу сурамжылоолор чыккан учурга дал келди.

Орусиянын лидери бийлик тизгинин президент жана премьер-министр катары 1999-жылдан бери кармап келатат.

2018-жылдын мартында өткөн шайлоодо 66 жаштагы Путин төртүнчү жолу алты жылга президент болуп шайланган. Саясий атаандаштары аны "саясий оппозицияны басып, бийликти монополияга айлантты" деп сындап жүрүшөт.

Владимир Путин Орусияны башкаргандан бери ушуну менен 15-жолу Федералдык Кеңеште кайрылуу жасап жатат. Анын кайрылуусун Орусиянын мамлекеттик каналдары түз алып чагылдырууда.

XS
SM
MD
LG