Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Эсеп палатасы: Экология агенттигинде 15 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде аудит жүргүзүлүп, 15 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өлкөнүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акчанын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы 510 миң, каражат чыгымдоодогу эреже бузуу жана кемчилик 13 миллион 833 миң, бюджеттин ашыкча кошуп эсептелген кирешелери 640 миң жана Социалдык фонддун бюджетине ашыкча кошуп эсептелген кирешелери 291 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле аудиттин жыйынтыгында агенттиктин иши боюнча бир катар кемчиликтер белгиленди.

Эсеп палатасынын маалыматына агенттик азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG