Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Нетаньяху Орусияга барбай калды

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвага белгиленген сапарын токтотту. Бул тууралуу шаршембиде Израилдин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сапардын токтотулушу Израилдеги ички саясий абал менен байланыштуу.

Нетаньяху 21-февралда Орусияга иш сапары менен барганы жаткан.

Кремлдин басма сөз кызматы Нетаньяху менен Орусия президенти Владимир Путин соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтыкты талкуулап, Сириядагы кырдаал, Палестина-Израил маселесин жөнгө салуу тууралуу пикир алмашаарын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG