«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуу үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, айыппулдарды топтош үчүн Финансы министрлигинде атайын эсеп ачылды. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
Финансы министрлиги тиешелүү каражаттарды биринчи кезекте Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке берет. Комитет ал каражатты долбоорду ишке ашырган компанияга, техникалык операторлорго жана «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштетүү үчүн жумшайт.
Мындан сырткары, келип түшкөн каражат Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка (ЖКККББ) берилет. Бул мекеме өз үлүшүнүн эсебинен токтомдорду автоунаа каражаттарынын ээлерине жеткириш үчүн почта кызматтарына акча жумшайт.
Калган сумманын 5% Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, 15% ЖКККББнын Мониторинг борборуна бөлүштүрүлөт. Андан соң акча каражаттарынын 25% өз алдынча башкаруу органдарына, 5% Транспорт жана жолдор министрлигине ыйгарылат. Түшкөн каражаттардын калдыгы бюджетке төгүлөт. (ErN)