Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Таласта иске ууланып эки адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза тапты. Бул тууралуу аталган айылдын тургандары билдиришти.

Дагы эки өспүрүм ооруканада жатат. Дарыгерлер билдиргендей, 5 жана 13 жаштагы балдардын абалы оор.

Баштапкы маалыматтарга караганда, үй-бүлө мүчөлөрү мештен чыккан түтүнгө ууланып калган.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Буга чейин, 11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан эки-үч жашар үч бала ууланган. Кырсык учурунда балдардын атасы жумушта болуп, ал эми кош бойлуу энеси поликлиникага кеткен. Өрттү көрүп калган кошунасы балдарды өз автоунаасы менен ооруканага жеткирген.

Бишкектеги №3 балдардын тез жардам ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын абалы оңоло баштаганы айтылууда. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG