Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Британия: үч консерватор-депутат Брекзитке байланыштуу партиядан чыкты


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламент жыйынында.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламент жыйынында.

Консерваторлордун катарындагы үч аял депутат Брекзит маселесине байланышкан пикир келишпестиктерден улам партиядан чыгып жатканын жарыялашты. Эми алар парламенттеги өткөн аптада алдыңкы оппозициялык партиядан бир нече лейборист чыгып кеткенден кийин түзүлгөн Өз алдынча топтун катарына кошулат. Ушу тапта Өз алдынча топто 11 депутат бар. Анын сегизи мурдагы лейбористтер, үчөө мурдагы консерваторлор.

Бул депутаттарды "катаал Брекзитке" каршылык көрсөтүү бириктирип жатат. Алар "маселенин алдын алыш үчүн премьер-министр Тереза Мэй да, лейбористтердин лидери Жереми Корбин да жетиштүү аракет көрбөй жатат" деп сындап жатышат.

Консервативдүү партиядан чыккан депутаттар "премьер-министр Тереза Мэй Брекзит боюнча эч кандай компромисске макул болбогон жана Евробиримдиктен макулдашуусуз эле чыгууну жактаган ашынган оңчул фракциянын куралына айланды" деп билдиришүүдө.

Консерваторлор парламентте ансыз деле көпчүлүк добушка ээ эмес. Британ парламентиндеги фракциялар да Брекзит боюнча түрдүү позицияда.

Тереза Мэй депутаттардын чечимине өкүнөрүн билдирди. Британиянын Евробиримдиктен чыгышы же Брекзит келишиминин аткарылышы быйыл 29-мартка белгиленген. Бирок келишимди парламент жактыра элек.

XS
SM
MD
LG