Европанын демократиялык институттарына 2018-жылдын сентябрь-декабрь айларында хакердик чабуул болду.
Андан Тышкы саясат боюнча немис коомчулугунун жүздөн ашык кызматкери менен Аспен институту, Маршалл фондунун европалык кеңселеринин өкүлдөрү жапа чекти. Бул тууралуу "Microsoft" компаниясынын Европарламентке шайлоону утурлай киберкоопсуздукту күчөтүүгө арналган шаршембидеги маалыматында айтылат.
Аталган компаниянын билдирүүсүндө, бул чабуулдардын артында Орусиянын өкмөтү менен байланышы бардыгы айтылып жүргөн "Strontium" хакердик тобу турат.
Буга чейин "Microsoft Strontium", "Fancy Bear" жана ATP28 бир эле хакердик топ экенин кабарлаган.
Алар 2000-жылдардын ортосунан тартып ар кайсы убакта жана түрдүү өлкөлөрдөгү мамлекеттик, аскердик жана коомдук уюмдарга жүргүзүлгөн резонанстуу хакердик чабуулдарды уюштурганы айтылып келген.
"Microsoft" компаниясы 2018-жылдын августунда АКШнын республикалык аналитикалык борборлоруна карата хакердик чабуулдун алдын алганын жарыялаган. Ал кезде да ишке ашпай калган хакердик аракетке "Strontium" тобунун тиешеси бардыгы кабарланган.