Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы жумуш сапарын 21-февралда Жалал-Абад облусунда улантат. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Жумуш сапарынын жүрүшүндө ал Сузак районунун жашоочулары менен жолугат, ошондой эле инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.
Мамлекет башчы кечээ, 20-февралда Баткенге барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы “Факел” чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. (ErN)