Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Ооганстан: Лоя жырга талибдер менен сүйлөшүүнү талкуулайт


Омар Даудзай.
Омар Даудзай.

Ооганстанда саясатчылар, уруулардын, улуттук азчылыктардын башчылары жана дин өкүлдөрү "Талибан" кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү талкуулайт. Бул тууралуу ооган президенти Ашраф Ганинин атайын өкүлү Омар Даудзай 20-февралда Кабулда Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия уюштурган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, Лоя жырга деген аталыш менен белгилүү курултай 17-марттан 20-мартка чейин өтүп, эгер талкуу уланса иш-чаранын мөөнөтү узартылат. Ооган саясатчыларынын көпчүлүгү мартта күтүлүп жаткан курултай расмий Кабул менен талибдердин түз сүйлөшүүлөрү үчүн негиз болуп беришин каалайт.

Ал эми аталган көз карандысыз комиссиянын жетекчиси Сима Самер талибдер менен сүйлөшүүлөрдө адам укуктарына көңүл бурбоо тынчтык сүйлөшүүлөрдү буза турганын эскертти.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Жон Басс сүйлөшүүлөрдүн максаты ооган жергесинде тынчтык орнотуу экенин белгиледи.

АКШнын расмий өкүлдөрү, анын ичинде Кошмо Штаттардын Ооганстандагы тынчтык боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен талибдердин сүйлөшүүлөрү акыркы айларда кызыды. Буга чейин сүйлөшүүлөрдө жылыш болгону кабарланган.

Халилзад ушул аптада Кабул шаарында президент Ганинин администрациясы жана башка таанымал саясий ишмерлер менен кезикти. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен 25-февралда Катарда жолугушат.

XS
SM
MD
LG