Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Умбеталиев: Электр тармагында "коммерциялык жоготуу" деген түшүнүк жок


Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев.

Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев "Азаттык" менен маектешип жатып дүйнөлүк практикада коммерциялык жоготуу деген түшүнүк жок экенин айтты. Адис муну электр кубатын уурдоону мыйзамдаштыруу катары сыпаттады:

- Былтыр өкмөт бөлүштүрүүчү компанияларга электр жоготууну 14-15 пайыздан 13 пайызга түшүрүүгө тапшырма берген. Бирок Ош менен Жалал-Абаддын бөлүштүрүүчү компаниялары аны аткарган жок. Андан сырткары ГЭСтен өндүрүлүп жаткан электр кубатын бөлүштүрүүчү компанияларга ташып келген "Улуттук электр тармактарынын" жоготуусу алты пайызды түздү. Бул жоготуу техникалык-коммерциялык деп аталат, бирок чынында дүйнөдө коммерциялык жоготуу деген түшүнүк жок. Ал эми бөлүштүрүүчү компаниялардын техникалык жоготуусу дүйнөлүк практикада 6 пайыздан ашпашы керек.

Расул Умбеталиев Акаев менен Бакиевдин учурунда жоготуу 30-40 пайызга жеткенин айтып, анын айынан миллиарддаган каражат уурдалганын кошумчалады.

2018-2019-жылкы кыш мезгилине даярдык тууралуу сүйлөп жатып өлкөнүн өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев былтыр тармактагы жетекчилер берген маалыматтар көп учурда чыныгы абалга шайкеш келбей жатканын билдирип, бул тармактагы абалды оңдоо зарыл экенин белгилеген.

- Бөлүштүрүү компаниялардын түйүндөрүндө электр энергиясын жоготуу кээде 40% чейин жетет. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуу азайганын, башкаруу оңолгонун, ошондой эле жылуулук мезгилине толук даярдык көрүлгөнүн ырасташат, - деген эле өкмөттүн жетекчиси.

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси былтыр январь-июнь айларында энергетикадагы жоготуу электр түйүндөрүндө 12,8% пайызды түзгөнүн маалымдаган. (KR)

XS
SM
MD
LG