Өкмөт Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгынын алкагында ал тарткан тасмалардын жумалыгын уюштурса туура болот. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып вице-спикер Мирлан Бакиров ушундай сунуш кылды.
Ал Садырбаев үч жолу эл өкүлү болгонун, маданияттын өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеп, тасмалары келечек муун үчүн тарбиялык жардам болорун кошумчалады:
- Быйыл фонду тууган-уруктары менен аксакалыбыздын чакан мааракесин белгилешти. Өкмөттүк деңгээлде Маданият министрлигине тапшырма берип, Дооронбек Садырбаевдин жумалыгы деп жарыялап, ушул киши жараткан кинотасмаларды, башка чыгармаларды көргөзүп, даңазалаш керек. Келечек муунга тарбия-таасир бере турган тасмалар бар.
Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев быйыл 80ге чыкмак. 13-февралда мааракелик иш-чара Жалал-Абадда өзү туулуп өскөн Ноокен районунда белгиленди. Ал 70тей даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин жана 700дөй публицистикалык макаланын автору. (RK)