Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Бишкекте өткөн дебаттык мелдеште гендердик тең укуктуулук маселеси талкууланды

Финалдык дебаттык таймаш.
Финалдык дебаттык таймаш.

Кечээ, 20-февралда Бишкекте эл аралык "Reunion Cup" эл аралык дебаттык таймаштын финалдык оюну болуп өттү. Анда Астанадан келген команда кыргызстандык дебат оюнчулары менен гендердик тең укуктуулук темасын талдап, Борбор Азия мамлекеттеринде аялдарды колдоо үчүн квота киргизүү зарылдыгын талкуулашты.

Иш-чарага Кыргызстандагы университеттеринин студенттери, билим берүү жаатында иш алып барган адистер жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева катышты. Касымалиева сөз сүйлөп жатып, азыркы парламенттеги аялдар квота менен келгенин жана айылдык кеңештердеги аял депутаттардын санын көбөйтүү керек экенин билдирди:

- 2004-жылы айылдык кеңештердеги аял депутаттар 19 пайызды түзчү. 2008-жылы 17 пайыз, 2012-жылы 13 пайыз, ал эми 2016-жылы болгону 10 пайызды түзгөн. Эгер ушундай темп менен кетсек, айылдык кеңештердеги аял депутаттардын саны 1-2 эле пайызды түзүп калат. Бул абдан кооптуу жагдайды жаратат, себеби шайлоочулардын 52 пайызын түзгөн аялдар айылдык кеңештерге шайлана албаса, айылдык кеңештер толугу менен бийлик органы катары сыпаттоо кыйын болуп калат.

17-февралдан башталган "Reunion Cup" аттуу эл аралык турнир 18 жаштан 40 жашка чейинки 48 спикерлердин башын бириктирип, алар гендердин теңчилик, технологиялык өнүгүү жана медицина тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кыргызстанда дебат кыймылы 1996-жылы негизделген. Азыркы учурда Бишкекте жыл сайын "Манас Кубогу", "Борбор Азия Кубогу" сыяктуу бир нече эл аралык турнирлер өткөрүлүп, ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын командалары катышып келет. Бул жолку турнир БУУну өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулду. (KR)

XS
SM
MD
LG