22-февралда аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондорго күрткү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° болот.
Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана кыштоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратышы мүмкүн. Айрым жерлерде катуу жааган жаандын айынан жолдо жүрүү татаалдашуусу ыктымал. (KR)