Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Өсмөгө чалдыккандар үчүн линиялык тездеткич аппараты күзгө чейин ишке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоого эң зарыл болгон аппаратты - линиялык тездеткичти сатып алуу боюнча тендер аяктап, андан Эстониядан «​MN Medical UN»​ ишканасы утуп алды. Учурда эстониялык ишкана толук текшерүүдөн өтүп, келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди.

Линиялык тездеткичти сатып алууга акча Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы 2017-жылы октябрь айында эки тараптуу келишимдин негизинде берген.

Улуттук онкология жана гематология борбору тендердеги линиялык тездеткичтин суммасын 352 млн. 26 миң сомго баалаган. Ал эми андан утуп чыккан «MN Medical UN» компаниясы 3 млн. 874 778 доллар же 270 млн. 653 243 сомго 2018-жылы жасалган, жаңы эки линиялык тездеткич сатып келүүгө убада берген. Тендердин шарты боюнча, бул акчанын ичинде аппаратты сатып алып келүү, аны орнотуу жана аппаратты иштетүү боюнча тиешелүү адистерди окутуу акысы да камтылган.

XS
SM
MD
LG