Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:16

Вице-спикер Бакиров картөшкө маселеси тууралуу: Бизде өкмөт барбы? (видео)


Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров дыйкандар өткөрө албай жаткан картөшкөсүн мамлекет сатып алып, бюджеттен каржылануучу мекемелерге жеткирип бериши керек деп эсептейт.

Ал бүгүн 21-февралда парламенттин жалпы жыйынында ушундай сунуш киргизди. Бакиров картөшкө айдаган дыйкандар, айрыкча Ысык-Көлдөгү фермерлер 3-3,5 сомдон өткөрө албай заманасы куурулуп жатканын белгиледи:

- 20 күн калды, жаңы картөшкө эгилет. Чиригени чирип, калганы калат. Бири-бирибизди күнөөлөбөй, ыкчам штаб түзүш керек. Биринчи вице-премьер тез арада коңшулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, зарыл болсо өзүбүздүн ички кардарларды – армиядан баштап бала бакчага чейин камсыз кылыш керек. Мамлекет алар үчүн түз сатып алып, дыйкандардан алыш керек. Өкмөт барбы? Мамлекет ыкчам чара көрүүсүн сунуш кылам.

Былтыр 17-августта Өзбекстан Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салып, 2-ноябрда кайра киргизүүгө уруксат берген. Анын алдында өкмөттүн убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатышат.

Жакында Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

26-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди ишиндеги кемчиликтери үчүн сынга алып, анын жеке жоопкерчилигин дагы эскерткен.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Мурашевди кабыл алып, “рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз” болуп жатканын сынга алган.

Мурашев эгерде жетекчилик "ишти жакшы алып кете албайт" деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG