Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Евробиримдик каржылык кылмыштар боюнча башкы прокурорду тандоого киришти


Лаура Ковеши.
Лаура Ковеши.

Европа Биримдигине кирген 22 өлкөнүн элчилери шаркеттин каржылык кылмыштар боюнча башкы прокурорунун кызматына талапкерлерге жашыруун добуш беришти. Анын жыйынтыгы менен франциялык талапкер Жан-Франсуа Бонер алдыга чыкты. Ага удаа румыниялык прокурор Лаура Ковеши жана Германиядан Андрес Риттер болду.

Журналисттерге атын атабаган булактын билдиргени боюнча Бонер 50 добуш, Ковеши менен Риттер 29дан добуш алышкан. Дипломаттардын айтканына караганда, бул жолу добуш берүү башкы прокурорду тандоо жараяны канчалык татаал экенин көрсөттү.

14-февралда тандоо комиссиясы талапкерлерди иргеген. Анда Ковешинин Румыниядагы Коррупцияга каршы улуттук башкармалыкта “лидер жана менежер катары өзгөчө жетишкен ийгиликтери” белгиленген.

Ковеши былтыр бийликтин кысымынан улам Коррупцияга каршы улуттук башкармалыктын жетекчилигинен кеткен. Евробиримдик Румыниядагы жемкорлукка каршы күрөштөгү анын эмгегин жогору баалаган.

XS
SM
MD
LG