Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Тажикстан Сирия менен Ирактагы аялдарды, балдарды алып келет


Ирак сотундагы тажикстандык аялдар менен балдар, 31-январь, 2019-жыл.
Ирак сотундагы тажикстандык аялдар менен балдар, 31-январь, 2019-жыл.

21-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирия менен Иракта тажикстандыктардын бир да баласы калбаш үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди. Дүйшөмбү Ирак өкмөтү ал жактагы абактарда отурган 43 аялды жана 90дой баланы өз мекенине алып келүү боюнча макулдашууга жетишкен. Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиновдун айтымында, тажик бийлиги Ирак өкмөтүнө чек араны мыйзамсыз бузганы үчүн ар бир тажик жаранына 2500 доллар эмес, 400 доллар айып төлөп берүүгө макул болгон. Ал эми Сириядагы лагерлерде 50дөй тажик кыз-келин кармалаары тууралуу маалымат бар.

Тажикстандын Кувейт жана Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзоденин айтымында, учурда Сириядагы бардык тараптар - Дамаск өкмөтү, эл аралык уюмдар, күрт козголоңчулар менен байланыш түзүлүп, тажик жарандарын алып кетүү боюнча аракеттер башталды.

Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан тартып "Ислам мамлекети" террорчул уюмуна 1100дөн ашык тажик жараны кошулган. Алардын 400дөн ашууну аялдар жана балдар. Булардын ичинен Сирия менен Ирактагы согуштарда жалпысынан 300дөй адам окко учкан.

XS
SM
MD
LG