Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Депутат оор кылмыштар жөнүндө кабар таратпоого чакырды


Дүйшөн Төрөкулов.

Милиция оор кылмыштар тууралуу журналисттерге маалымат бербеши керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов ушундай пикирин билдирди.

Депутаттын көз карашында, массалык маалымат каражаттарында оор кылмыштар тууралуу чыккан кабарлар социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында "ар кандай аймактык ажырымга" жол берип жатат жана өспүрүмдөргө терс таасир этүүдө.

- Азыр социалдык тармактарда, өзүңүздөр билесиздер, кимдер гана отурбайт. Ар кандай оор кылмыштар тууралуу маалымат жайылтуу өспүрүмдөрдүн калыптанып келе жаткан психологиясына терс таасирин тийгизүүдө. Мамлекеттик расмий органдар - Саламаттык сактоо министрлиги, өзгөчө Ички иштер министрлиги эл арасында терс маанай жарата турган оор кылмыштарды массалык маалымат каражаттарына расмий булак катары таратпагыдай чектөө иштелип чыкса жакшы болот эле, - деди ал.

Депутат Төрөкулов мындай норма кайра иштелип чыгууга жөнөтүлгөн Тартип бузуу жөнүндө кодекске киргизилиши зарыл деп эсептейт.

Кыргызстанда телерадио, гезит, агенттиктердин саны 90го жакын. Дээрлик ар бир министрлик-мекеменин өз басма сөз кызматы, расмий сайты бар. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG