Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Сирия: ИМ тобу көзөмөлдөгөн аймак жоочулардан тазаланат


Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан качып чыккандар. 11-февраль, 2019-жыл.
Сириянын чыгышындагы Багхуз аймагынан качып чыккандар. 11-февраль, 2019-жыл.

Бейшембиде Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун соңку таянычы болуп эсептелген Багхуз айылынын жайкын тургундарынын акыркылары аймактан чыгарылат. Карапайым эл чыгып кеткенден кийин АКШ колдогон "Сирия демократиялык күчтөрүнө" аймакты толугу менен радикал жоочулардан тазалоого жол ачылат.

2014-жылы Ирак менен Сириянын көп бөлүгүн өз карамагына алып, “халифат” жарыялап алган экстремисттердин карамагында 600 чарчы метрдей эле аймак калды.

Соңку бир ай ичинде 20 миңдей жайкын тургун бул айылдан чыгып кеткени маалым болду. Алардын көбү аялдар менен балдар. Арасында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Атайын лагерлерде борбор азиялыктар да бар экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG