Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Жээнбеков: Путиндин сапары кыргыз-орус алакасын жаңы деңгээлге көтөрөт


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев. Чек ара заставасынын ачылышы. 20-февраль, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев. Чек ара заставасынын ачылышы. 20-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин күтүлүп жаткан сапары кыргыз-орус шериктештигин жана стратегиялык өнөктөштүгүн мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара застава комплексин ачып жатып билдирди.

Ачылыш аземине катышып жаткан Орусиянын өкүлдөрүнө кайрылып, президент Жээнбеков чек арадагы коопсуздукту бекемдөөдө жана аскердик-техникалык кызматташууда гана эмес, билим берүү, саламаттык сактоо жана миграция жаатында да Орусиянын жардамын жогору баалай турганын билдирди.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөн. Ушул эле документтин негизинде 15-январда орус тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автоунаа өткөрүп берген.​ (KR)

XS
SM
MD
LG