Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбеав, 27-декабрь, 2018-жыл.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбеав, 27-декабрь, 2018-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Ак ордонун Интернет сайты кабарлады.

Андан мурдарак Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт “кетиши керек” деп айткан. Президент өкмөттү казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады. Өлкөдө жумушсуздук көйгөйү, айрыкча айыл жергесинде чечилген эмес. Назарбаев белгилегендей, чакан жана орто ишкердик экономикалык өнүгүүнүн негизги күчүнө айланган жок.

Казак өкмөтүн убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.

Өкмөттүн кызматтан чегиниши өлкө боюнча көп балалуу энелердин нааразылыгы күчөгөн маалга туш келди. Астанада бир үй-бүлөнүн беш кызынын өмүрүн алган өрттөн кийин аялдар мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG