Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:54

Түндүк Македонияда парламенттеги окуя боюнча экс-спикер, эки экс-министр кармалды


Парламентте ур-тепкиге калган депутаттар, 27-апрель, 2017-жыл.
Парламентте ур-тепкиге калган депутаттар, 27-апрель, 2017-жыл.

Түндүк Македониянын полициясы 2017-жылы мыйзам чыгаруу органына күч менен кирип келген деген негизде парламенттин экс-спикерин жана мурдагы өкмөттүн эки мүчөсүн камакка алды.

20-февралда прокурорлор эки жыл мурунку окуяга “конституциялык түзүлүштү жана коопсуздукту бузууну көздөгөн террористтик кутум болгон” деген баа беришти.

Мурдагы спикер Трайко Веляновски, мурдагы билим берүү министри Спиро Ристовски жана мурдагы транспорт министри Миле Янакиески 2017-жылдын 27-апрелинде улутчулдардын парламенттин башкы палатасына күч менен кирип келүүсүнө көмөктөшкөн деп айтыпталып жатат.

Веляновски учурда парламент мүчөсү болгондуктан кол тийбестик укугуна ээ. Ал кыска убакытка кармалып кайра бошотулду. Ал кабарчыларга берген комментарийинде бардык айыпты четке какты.

Македонияда эки жыл мурун "Улуттук биримдик үчүн" демократиялык партиясынын 200дөй тарапкери парламентке кирип барып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алышкан. Социал-демократтардын лидери Зоран Заевди канжалата сабашкан.

Окуя Социал-демократтар жана этностук албандардын үч партиясынан турган альянс жаңы спикерликке албан Талат Жаферди бекиткенден кийин болгон.

XS
SM
MD
LG