Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Өкмөт 25 ишкананын 2 млрд. сомдон ашык карызын кечүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү “1992-жылдан 2000-жылга чейин берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтында жарыяланды.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, мыйзам кабыл алынса 25 ишкананын аталган жылдарда алган 2 млрд. 204 миллион сом карызы кечилет. Анын ичинен негизги сумма 1 млрд. 324 миллион сомду, пайыздар 676 миллион 647 миң сомду түзөт. Калган 203 миңден ашык сумма айыппул экени белгиленген.

Документте карызды кечүү оор финансылык-экономикалык абалда турган чарбалык субъектилердин абалын турукташтыруу жана алардын абалын жакшыртууга колдоо көрсөтүү максатында ишке ашары белгиленген. Карызы кечиле тургандардын арасында акционердик коомдор, автобекеттер, жоопкерчилиги чектелген коомдор, кооперативдер жана башка ишканалар бар.

Мыйзам долбоору боюнча токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында кол койгону белгилүү болду. Аны Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети карап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG