Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:24

Атамбаев: КСДПны бир күнү өткөрүп берем (видео)


КСДП партиясынын төрагасы, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев.

Бүгүн, 22-февралда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айтты.

- Атамбаев дайыма эле партияны башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп берем. Бирок партияны ким башкарса да мен ишенем - партия өзүнүн духун, жүрөгүн сактап калат, - деди Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев басма сөз жыйынынын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты.

Бишкекте КСДПнын мүчөлөрү басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. Ага партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси жана партиянын башка мүчөлөрү катышууда.

КСДПнын маалымат жыйыны (түз эфир)

Партиянын катчылыгы партиянын кезектеги 18-съездине даярдыктын алкагында партияда жалпысынан жети комитет жана бир кеңеш түзүлгөнүн кабарлады. (KR/BTo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG