Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында эки өспүрүм мыйзамсыз кармалып турганын 21-февралда билдирген. Ал бул боюнча ИИМ кызматкерлеринен түшүндүрмө талап кылган.
Анын маалыматына ылайык, 12-февралда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүмдү убактылуу кармоочу жайга камап, 48 сааттын ичинде аларды сотко алып келбей койгон.
Депутат Аида Исмаилова бул окуя боюнча тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун жоопкерчилиги каралышын жана иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылган.
"Азаттыктын" бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан расмий маалымат алуу аракетинен майнап чыккан жок.
Азыркы учурда сөз болгон эки өспүрүмдүн тагдыры белгисиз. (KR)