Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Өкмөт башчы министрлерге эскертүү берди


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүн, 22-февралда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевге, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Болотбек Ибраимжановго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берди.

Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Ысык-Көлдүн Тоң, Ак-Суу, Чүйдүн Кемин, Жалал-Абаддын Аксы, Токтогул жана Чүйдүн Москва районунун мамлекеттик администрация башчыларын кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. (KR)

XS
SM
MD
LG